Биз менен байланышыңыз

Бишкектин бир районуна Айтматовдун атын ыйгаруу сунушталды

Кыска кабар | 25 Окт 2018 | 738 | 0

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу боюнча депутаттар Экмат Байбакпаев жана Эмилбек Токтошев демилге көтөрүштү. Байбакпаев Чыңгыз Айтматов 90 жылдыгына карата Бишкек шаарынын 4 районунун бирине анын ысымын ыйгарууну сунуштады. Ал эми депутат Эмил Токтошев  12-декабрды Чыңгыз Айтматовду угуу күнү деп жарыялоо демилгесин көтөрдү.

Ошондой эле, бул күндө Жогорку Кеңешке Айтматов таануучуларды, окумуштууларды, адабиятчыларды чакырып, жазуучу жана анын чыгармалары боюнча угууну адатка айлантуу керектигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM