Биз менен байланышыңыз

Президент Апрель окуясынын катышуучулары менен жолугушту

Кыска кабар | 22 Дек 2018 | 657 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Апрель революциясынын катышуучулары, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун туугандары менен жолугушту. Бул тууралуу анын аппаратынан билдиришти.

Жолугушуунун катышуучулары учурдагы көйгөйлөр жана актуалдуу маселелер, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү, коррупцияга каршы күрөш боюнча пикирлерин билдирип, апрель революциясынын катышуучуларынын жеке турмушундагы социалдык маселелер тууралуу ойлорун ортого салышты. Президент маселелер боюнча пикирин билдирип, суроолоруна жооп берди.

«Узап бараткан жылыбыз жакшы жылдардан болду. Өлкөбүздө тынчтык, туруктуулук, элибизде ынтымак сакталып турду. Эми келерки жылыбыз дагы Кыргызстан үчүн, элибиз үчүн жакшы жылдардан болсун. Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, узун өмүр жана жакшылыктарды каалайм», — деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Жолугушууга «Мекен Шейиттери», «Эр Теги», «Баатырларга таазим», «Апрель Баатырлары», «Айкөл Ала-Тоо», «Апрель. Элим. Кыргызстан», «Айкөл Таза Коом», «Апрель байрагы», «Элдик сакчы», «Элдик кайрат», «Мекен үчүн», «Орток шамы» коомдук уюмдарынын, «Патриот» ыктыярдуу элдик кошуунунун өкүлдөрү, Өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, президенттин Аппаратынын кызматкерлери катышты.

Copyright © 2017 Maral FM