Биз менен байланышыңыз

Т.Чоротегин: тарыхты таанытууда аны бурмалабашыбыз керек

Күн чекит | 8 Ноя 2018 | 850 | 0

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнүн урматына өлкөдө 80 жыл мурдагы сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүүгө арналган бир топ иш-чаралар болуп өттү. Буга байланыштуу бул күндүн кыргыз коомчулугу үчүн тарыхый-саясий мааниси, бүгүнкү күндөгү орду тууралуу тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегин менен маек курдук.

Марал: Репрессиянын курмандыгы болуп, ак жерден атууга кеткен ата-бабаларды эскерүүнүн кыргыз коомчулугу үчүн мааниси канчалык?

Т.Чоротегин: Биздин кайра жаралуу доорубуз дал ошол кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөө жолунда курман болгон ата-бабаларыбызды эскерүүбүздүн деңгээлине байланыштуу. Биз аларды канчалык таанып, эскерип, урматтасак, эгемендигибиз да ошончолук деңгээлде болот. Эгерде сөз жүзүндө гана баатырлар деп коюп, алардан сабак алып, татыктуу тааныта албасак, бул куру убара бойдон калат.

Марал: Эгемендүү Кыргызстан катары репрессияга татыктуу саясий-тарыхый баасын бере алдыкпы?

Т.Чоротегин: Эгемендүүлүктун алгачкы сааттарынан тартып эле татыктуу баасын бергенге аракеттер болуп келе жатат. Мисалы, 1991-жылы 30-августта атайын «Ата Бейит» көрүстөнү ачылды. Сталинчилердин жашыруун кылмышы ачылып, бир жерге көмүлүп калган 137 кишинин сөөгүн жууп, аруулап, жерге бердик. Аталган окуянын курмандыктарын эскерип, атайын көрүстөн ачуу иши постсоветтик өлкөлөрдөн бир гана Кыргызстанда жүргүзүлдү. Быйыл болсо жаңы архивдик маалыматтар ачыкка чыгып жатат. Ал кылмыштын бетин ачкан Бүбүйра апага коомчулук жана өкмөт тараптан жакшы көңүл бурулуууда.

Албетте, мындан да көбүрөөк болуусун каалайбыз. Эл да ошол репрессия тууралуу ачык-айкын маалыматтарды кенен чагылдырууну талап кылууда. Менимче, атайын кызматтар ошол кезге тиешелүү архивдик маалыматтарын коркпостон, маалымат булактарына жарыялап коюу керек. Ар бирибиз көз каранды эмес экенибизди сезгендей болуубуз шарт. Бирок көптөгөн фактылардын бети ачыла элек. Азырынча четинен гана оюлуп чыгууда.

Марал: Эмне себептен Советтер союзунун доорунда саясий көз карандылыктан улам өз тарыхыбызга байланыштуу жагдайларды ачык-айкын айта алчу эмеспиз?Азыр буга эмне тоскоол болууда?

Чоротегин: Репрессияга байланыштуу маалыматтардын жабык бойдон калуусун талап кылгандардын логикасы боюнча, эгер болгон иштер ачык жарыяланчу болсо ошол кезде репрессияга себеп болгондордун азыркы урпактары коомчулук тарабынан жекирилип, кодулоого дуушар болушат имиш. Бирок мен бул пикирге кошулбайм. 80 жыл мурдагылардын иши үчүн бүгүнкү неберелери жооп бермек беле? Же элдин аларга кандайдыр бир кысым көргөзөрүнө ишенбейм. Саясатта абал бат-бат өзгөрүп турат. Беш жыл мурунку бийликти колдогондор азыр ошол кездин оппозициясы болгон тараптар менен кызматташып эле журбөйбү.

Марал: Канткен күндө да, тарых деген тарых. Аны бизге жагабы, жокпу, ачыкка чыгаруу керек эмеспи? Репрессияга кабылгандарды да, ага түрткөндөрдү да таанып-билип, окуядан сабак алсак болбойбу?

Чоротегин: Абдан жакшы айтып жатасыз. Биз тарыхый маселени акыйкат түшүнүү аң-сезимин өнүктүрүшүбүз керек. Ошол эле советтер доорунда «эл душманы», «басмачы» деп жектелген кишилер иш жүзүндө эгемендүүлүк үчүн күрөшкөн атуулдар экени аныкталып жатпайбы!? Алардын жана сталиндик доордо куугунтукталгандардын караланган ысымдарын биз кайрадан калыбына келтирип жатабыз. 100 жыл мурда орус падышачылыгына каршы чыгып, өз алдынча кыргыз хандыгын түзүүгө аракет жасаган ата-бабаларыбыз болгон. Ошол эле учурда бул хандыктын түзүлүшүнө каршы болуп, орус падышачылыгына тыңчылык кылып, төңкөрүшкө саткындык кылгандар да болушкан. Бирок алардын урпактары ошол кездеги болгон иштерди кадимкидей, болгонун болгондой окуп, үйрөнүп жатышпайбы? Мына ушундай эле ыкманы репрессияны туура таанытууга да колдонсок болот.

Марал: Азыркы жаш муун 80 жыл мурдагы эмес, жакынкы эгемендик тарыхын деле түзүктөп биле албай жаткан чакта кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн жан берген бабаларды таанытуу үчүн илимий конференция, брошюраларды эле чыгарып коюу жетишсиз эмеспи? Көркөм адабиятты, театрды же кинону колдонуп чагылдыруу кандай болмок?

Т.Чоротегин: Албетте, мунун барын колдонуп, ар башка деңгээлде чагылдырууга аракет кылуубуз керек. Мисалы, Курманжан Датканы тааныткан фильм чыккан. Абдан сонун, бирок кээ бир мүчүлуштүктөр бар. Тактап айтканда, фильмде Курманжан Датка руна сымал жазууларды колдонуп кат жазат. Бул акылга сыйбаган иш! Анын доорунда кыргыздар арап графикасын колдонушкан да! Мына бул жерде тарых бурмаланып жатат. Эгер руна жазууларын даңазалагысы келсе, анда Барсбек каган тууралуу фильм тартышы керек. Кыскасы, тарыхты таанытууда аны бурмалабай, так фактыларга негиздеп туруп иш алып баруу кажет.

Марал: Мындан бир-эки жыл мурда кыргыз тарыхын чет элдиктердин көзү менен карап, алардын калеми менен жазылганын окубастан, өз аң-сезимибиз менен, өз калемибиз менен жазалы деген демилгелер чыкты эле. Тарыхты кайрадан карап, жазуу иштери кандай кетип жатат?

Т.Чоротегин: Аракеттер бар. Мисалы, ОшМУда иштеген Жолдошбек Бөтөнөев,  Арабаев атындагы университетте иштеген Жумагул Байдилдеев, Улуттук илимдер академиясында иштеген Аида Кубатова деген жаш, жаңычыл тарыхчыларыбыз пайда болду. Алар мурда айтылбай келген архивдик негиздеги жаңы маалыматтарды берип жатышат. Булардын катары кеңйиши керек.  Токторбек Өмүрбеков, Кыяс Молдокасымов, Ташмамбет Кененсариев сыяктуу улуу муундун катарында мындай жаш илимпоздордун да аракеттерди жасап жатканы кубандырат.

 

Copyright © 2017 Maral FM