Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Евробиримдик Британиянын чыгуусуна макулдук берүү үчүн чогулат

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Ноя 2018 | 709 | 0

Бүгүн Евробиримдиктин(ЕБ) 28 мүчө өлкөсүнүн башчылары Брюсселге чогушушат. Жолугушуунун максаты-Британиянын биримдиктен чыгуусуна(Брексит) расмий түрдө макулдук берүү болуп саналат.

Кечээ Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Брюсселде ЕБтин президенти Дональд Туск жана Еврокомиссиянын жетекчиси Жан Клод Юнкер менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Эми калган 27 өлкөнүн башчылары Брексит боюнча эки документти жактырышат же артка кайтарышат. Алар:

  1. Британиянын биримдиктен чыгуусунан кийинки эки тараптуу мамилелер тууралуу документ.
  2. Брекситтеги негизги шарттар тууралуу 545 беттик документ. Анда чыгып жаткан Түндүк Ирландия менен биримдикте калуучу Ирландия Республикасынын ортосундагы чек аранын ачык калуусу, Британиянын Биримдикке алимент катары төлөй турган 39 миллиард фунту тууралуу сөз болот.

Кошумчаласак, Улуу Британия королдугуна төрт мамлекет кирет: Англия, Уэльс, Шотландия жана Түндүк Ирландия. Королуктун жарандарынын 52%ы 2016-жылы өткөн референдумда Евробиримдиктен чыгууну колдоп добуш беришкен. Брексит 2019-жылдын 29-мартына белгиленген. Андан кийинки 21 ай сыноо мөөнөтү болуп эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM