Биз менен байланышыңыз

Муканбетов: Курултайдын өтүшү эркиндиктин белгиси

Кыска кабар | 24 Ноя 2018 | 707 | 0

Курултайда чоң өзгөрүштөр же кескин чаралар болот деп күткөн жокмун. Мындай пикирин коомдук ишмер Сабыр Муканбетов билдирди.

Анын айтымында, курултайдын өткөрүлүшү өлкөдө эркиндиктин бар экендигинин далили. Бул фактыны көрүү үчүн курултайга келген. Жыйында катышуучулар тарабынан жакшы сунуштар айтылды.

-Баяндамалардын ичинен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгүнө укуктук, саясий баа берүү сунушу абдан туура болду. Бул элдин колдоосуна алынды. Азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун ишине канааттандырарлык деген баа берилди. Ошону менен бирге аракеттеги президенттен чечкиндүү кадамдар, айрыкча сот реформасы жакшы болбой жатканы айтылды.

Мындан тышкары, Муканбетов бүгүнкү күндө деле президенттин үстөмдүгү болуп жатканы туура көтөрүлдү деп эсептээрин кошумчалады.

Бүгүнкү курултайга 40тай саясий партиядан 239 адам, 28 коомдук жарандык уюмдан 358, 90 ардактуу конок, 27 массалык маалымат каражаты катышууда. Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев жана вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да келген.

Copyright © 2017 Maral FM