Биз менен байланышыңыз

Осмонов: Курултайга конструктивдүү адамдар чогулду

Кыска кабар | 24 Ноя 2018 | 648 | 0

Мурдагы курултайлардан айырмаланып, бүгүнкү курултайга саясий партиялар, коомдук уюмдар, жеке саясатчылардан конструктивдүү адамдар чогулуптур. Мындай пикирин Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов билдирди.

Анын айтымында, ар кандай көз караштар болуп, түрдүү пикирлер айтылды. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бир гана өкүндүргөн жери курултайга келген айрым адамдар тартипти бузуп, ордунда кыйкырып, сүйлөгөндөрдүн сөзүн бузду.

Бийлик дагы, башка саясий коомдук уюмдар дагы эске ала турган маселелер көтөрүлдү. Курултайга бийлик өкүлдөрү катышты. Бирок курултайдан кийин баары жакшы болуп, жыргап калабыз дегенден алысмын. Эгерде айтылган сунуштарды бийликтегилер иш-чара кылып аткарса, анда жыйынтык болот.

Бүгүнкү курултайга жалпы 600дөй адам катышты. Ошондой эле президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер Жеңиш Разаковдор келди.

Copyright © 2017 Maral FM