Биз менен байланышыңыз

Осмонов: Президенттин өкмөттүн ишине аралашуусу табигый нерсе

Кыска кабар | 11 Апр 2019 | 442 | 0

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков парламенттеги кайрылуусунда өкмөттүн ишине аралашуусу — табигый нерсе. Анткени өлкө башчы — үч бийлик бутагынын арбитри. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Курманбек Осмонов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жээнбеков мамлекет башчысы катары өлкөдөгү маселелерге кайдыгер карап тура албайт. Андыктан, өкмөт пландап жаткан иштер боюнча маалымат берди. Бул туура.

«Президенттин саясий кырдаалга карата токтоо мамилесин туура деп баалайм. Ультиматум тили менен эмес, конструктивдүү диалог менен иш алып баралы дегени да позитивдүү маанай», — дейт Осмонов.

Кошумчалай кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 11-апрелде Жогорку Кеңеште билдирүү жасады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM