Биз менен байланышыңыз

Осмонов: Матраимов соттон жеңип, кызматка барбашы ыктымал

Күн чекит | 28 Дек 2018 | 1208 | 0

Бишкек шаардык соту Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Мындай чечимди шаардык соттун коллегиясы бүгүн, 28-декабрда кабыл алды.

Соттун чечими, Матраимовдун жана өкмөттүн кийинки кадамдары тууралуу кененирээк Жогорку соттун мурдагы төрагасы, парламенттин экс-депутаты Курманбек Осмонов менен «Күн чекит» программасында талкууладык.

-Курманбек  мырза, Райымбек Матрамиовдун иши боюча шаардык сот Биринчи май райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Эми  Өкмөт кийинки инстанцияга кайрылышы мүмкүнбү?

Албетте, бул маселе боюнча өкмөт Жогорку сотко кайрылышы мүмкүн. Ал көзөмөл ирээтинде болот. Бирок Жогорку сотко кайрылмайын, чечим күчүнө кирбейт деген кээ бир жаңылыш көз караштар бар. Негизи экинчи инстациядан кийин жарандык иштер боюнча соттун өкүмү күчүнө кирет.   

-Эми Матраимов кызмат ордуна барышы мүмкүнбү? Бул жаатта өкмөттүн аракети кандай болот?

Бул жагдайда өкмөттүн мындан аркы аракетин айта албайм. Эгер Матраимовду жумушка орноштурбайбыз десе, Жогорку сотко кайрылып аракетин көрөт. Бирок ал чечимдин аткарылышын токтотуп турбайт. Эгерде Жогорку сот көзөмөл арызды өндүрүшүнө кабыл алып, атайын аныктаманы чыгаруу менен мурда чыгарылган чечимдин аткарылышы токтотулсун десе гана токтотуп коё алат. Болбосо күчүнө кирген чечимдерди адатта Жогорку сот деле токтотпойт. Ошондуктан Матраимов Жогорку соттун чечимин күтпөстөн, чечимди аткарууну талап кылганга укугу бар.   

-Райымбек Матраимов эгер кызмат ордуна кайтса моралдык жагы кандай болуп калат?

Эми моралдык жагы башка нерсе….  Коомчулукта айрым адамдар Матраимовду тааныбай туруп эле коррупционер кылып салышат. Анан жок эле жеринен Текебаевге окшогондорду баатыр кылып чыга келишет. Ошондуктан соттук иштерде дыкат анализ кылууга чакырат элем. Мен Райымбек Матраимов деген жигитти билбейм. Таанышытыгым дагы жок.

Эми Матраимов коомчулукта ар кандай кептер болуп жатат, кызматка барбайм десе ,ал анын жеке чечими болуп калат. Бул жагынан анын бедели үчүн гана аягына чейин барып кызматтан баш тарып коюсу дагы ыктымал.  

Маегиңизге рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM