Биз менен байланышыңыз

Аскаров: Инвентаризациялоо маселеси өзгөрүүсүз турат

Кыска кабар | 23 Ноя 2018 | 677 | 0

Бүгүн, 23-ноябрда вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун төрагалыгы алдында республиканын материалдык жана материалдык эмес активдерин инвентаризациялоо  боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Анда вице-премьер-министр «Материалдык жана материалдык эмес активдерди инвентаризациялоо, идентификациялоо, кайра баалоо жана каттоо жөнүндө» токтом аткарылбай келет деп белгиледи.

«Эки жылда бийлик органдарынын жетекчилери алмашты, ал эми инвентаризациялоо маселеси ошол бойдон орунда турат. Буга байланыштуу мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү инветаризациялоону жүргүзүү үчүн жеке жоопкерчилик киргизилүүдө», – деди Аскаров.

Жыйынтыгында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна 7-декабрга чейин токтомду аткаруу деңгээлин аныктап, өкмөттүн аппаратына 12-декабрга чейин кароого жөнөтүү тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM