Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында терроризмге каршы жөө жүрүш өттү

Кыска кабар | 23 Ноя 2018 | 605 | 0

Бүгүн, 23-ноябрда Ош шаарында терроризм жана экстремизмге каршы жөө жүрүш өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жүрүшкө Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев, мэриянын өкүлдөрү,  шаардык кеңештин депутаттары, мекемелердин жана казыяттын кызматкерлери катышты. Ошондой эле жогорку окуу жайлардын мугалимдери, студенттер да болду.

Акцияга жалпысынан 9 миңге жакын адам катышты. Жүрүш шаар тургундарын террористик жана экстремистик идеологияларга берилип, кошулуп кетишинин алдын алууну көздөйт.

Copyright © 2017 Maral FM