Биз менен байланышыңыз

Масадыков: Коррупция менен күрөштүн аягына чыгарына ишенбейм

Пикирлер | 21 Ноя 2018 | 653 | 0

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Таалатбек Масадыков коррупция менен күрөштүн аягына чыгарына ишенбейт. Мындай оюн өзү “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, президент Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишмердигин сындоого жетиштүү маалыматтар, чечилбеген суроолор көп. Бир жыл ичинде жасалган нерселер кыргыз элине маалым.

«Менин тажрыйбам керек болсо келип иштеп бермекмин. Бирок унчукпай, «биз айтканды кыласың» дегенге даяр эмес элем. Мен бираз күттүм. Анткени Жээнбеков президенттик шайлоо алдында «жаңы кадрларды алам» деди. Бирок өлкө башчы мени чакырган жок. Эч ким телефон аркылуу да «кандай ойлойсуз» деп сураган жок. Балким баарын өзү билген, жакшы команда окшойт. Эгер ошондой команда болсо, анда бир жылда өзгөрүү болмок. Бизде бул аралыкта коррупция менен күрөшүү, декларация болду. Бирок аягына чыккан жок», — дейт Масадыков.

Масадыков коррупцияны жок кылуу үчүн андагы схеманы жоюу зарыл экенин айтат. Анын пикиринде ИИМ, сот органдарында, баардык системада коррупция бар.

«Коррупция башка мамлекеттерде да бар. Бирок аларды сындагандан алысмын. Бирөөнүн үйүн айтканча, өз үйүбүздү тазалаганыбыз оң. Саясий атаандаштарды каматып коюу коррупция менен күрөшүү эмес. Мисалы, ЖЭБ чыры менен кармалгандарды дагы эле кармап отурат, бийлик булар менен соодалашып жатат. Болбосо аларды күнөөлүү же күнөөсүз деп аныктоого көп болсо 2 ай убакыт кетет», — дейт Масадыков.

Ал айрымдар өз учурунда коррупцияны көрүп туруп унчукпай койгонун кошумчалады.

«Азыр эми Атамбаев жаман дешет. Президент менен өлкө башчы Атамбаев бийликте турганда кайда эле? Ошол маалда унчукпай туруп эми коррупция менен күрөшөм дешкенине ким ишенет? Азыр коррупция менен күрөш болот дегенге эл да ишенбей калды. Уурдаганда 10 млн сомдоп алышат дагы бирдиктүү эсепке 1 млн сомдон топтолгону туура эмес», — дейт Масадыков.

Copyright © 2017 Maral FM