Биз менен байланышыңыз

12-декабрда Айтматовго арналган фестиваль башталат

Кыска кабар | 21 Ноя 2018 | 774 | 0

12-декабрда “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” фестивалы башталат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Кинофестиваль залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып уюштурулуп жатат. Анда улуттук жана эл аралык категория болуп, жалпысынан 30 тасма ат салышат.

Иш-чара 15-декабрга чейин уланып, жеңүүчүлөр аныкталат. Калыстар курамын КМШ, Балтия жана Грузиядан келген белгилүү кинематографисттер түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM