Биз менен байланышыңыз

Баткен: чек арадагы айылдарга жетпеген жардамдар

Коом | 20 Ноя 2018 | 1376 | 0

Баткен облусунун аймагында 50 айыл чек ара макамын алган. Жыл сайын аталган айылдардын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу максаттында мамлекеттен  акча каражаты бөлүнүп турат. Аны менен катар ар бир жаранга электр энергиясы жана салык төлөмдөрүнөн жеңилдиктер каралган. Ал эми бул боюнча жергиликтүү тургундардын маалыматы жок.

Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагында 19 минден ашуун калк жашайт. Аймактагы 5 айыл Тажикстан менен чектешкендиктен 2016-жылы аларга чек ара макамы берилген.  Айыл аймактын башчысы Тургунбай Нишанбаевдин айтымында, чек ара макамын алганы менен эч кандай жеңилдиктер каралган эмес.

-Чек ара статусу берилгенде өзү жеңилдиктер берилиш керек болчу. Себеби чек арада болгондон кийин чек арадагы жерлерди трансформациялоодо, жерлердин салыктарын кыскартуу боюнча бир топ жеңилдиктер бар. А бизге андай жеңилдиктер бериле элек. Өткөн жылы суранып, чек ара статусун алганбыз деп атып, Достук айылына өкмөттүн жардамы менен 2 жарым чакырым жерге электр линиясын тарттырдык.

Ал эми Тажикстан менен чектеш шахмат формасында жайгашкан Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова да аталган айылга мындан 15 жыл мурда чек ара наамы берилегнин айтат. Бирок азыркы күнгө чейин эч бир жеңилдик жок.

-Статус берилсин деген 3 Президенттин; Р. Отунбаева, А. Атамбаев жана К. Бакиевдин  буйругу чыккан. Бирок эч кандай жеңилдик жок. Жок дегенде электр энегия, сууга болгон төлөмдөргө жеңилдик болсо жакшы болмок. Жеңилдик көрө элекпиз. 

Чек арада статусун алган айыл тургундары менен байланышып көрсөк, чек арада жашашканы үчүн мамлекет тараптан эч кандай жардам болбогонун айтышты.  Статус алган айылдарга жеңилдик болорун билбегендер да кездешет.

Чек арада жашоо кыйын. Мен Ак-Сай айылына келин болуп келгенмин. 20 жылдан бери жашап келем. Электр энергия, салыктарды толук төлөйбүз. Жеңилдик жок.

-Биз Кара-Бак айылында жашап жатканыбызга 10 жылдан ашты. Чек ара статусун алган айылда жашаган тургундарга жеңилдик болот дегенин мен азыр угуп жатам. Бизге ушул күнгө чейин эч бир жеңилдик болгон эмес. Маселен, электр энергия сууга болгон төлөмдөрдү толук төлөйбүз.

Бугүнкү күндө Батен облусунун аймагындагы чек арада жайгашкан 50 айыл чек ара макамын алган болсо, анын 19у Баткен районунда жайгашкан. Баткен районунун акими Кеңеш Салиховдун айтымында, жыл сайын аталган айылдарга мамлекет тарабынан акча каражаты бөлүнөт.

-Жылына мамлекет тарабынан акча бөлүнөт. Быйылкы 2018-жылда 20 млн акча каралган. Бул биздин айылдарыбыздагы таза суу, сугат суу, суу түтүктөрүн ондоо ошондой эле электр линиясын тартуу, ФАП, бала бакчаларды курууга жумшалган. Аны менен катар райондун калкына жылына 714 сомдон ар бир абонентке жеңилдик берилет. Бул акча айыл аймактын эсебине которулуп, алар электр тармактар ишканасына жиберип, ошол жерден электр энергиясынан жеңилдик болот.

Кыргызстандын аймагындагы коңшу өлкөлөр менен чектеш, тынч эмес айылдарга чек ара статусу берилет. Анда жергиликтүү калкка социалдык жардамдарды көрсөтүлүп, бир катар жеңилдиктерди берүү каралган. Анын негизги максаты — айрым чек ара чектеш аймактарды бекемдөө, улуттук коопсуздук, аймактык бүтүндүк жана мамлекеттик чек аранын бекемдигин камсыздоо болуп саналат.

 

Copyright © 2017 Maral FM