Биз менен байланышыңыз

Бекназаров: Атамбаев Матраимовду кызматка койгондо Жээнбеков нааразы болгон

Пикирлер | 20 Ноя 2018 | 837 | 0

“Алмазбек Атамбаев өзү “супер коррупционер” деген Раим Матраимов менен эмнеге 7 жыл иштеп жүрдү?” Мындай суроону саясатчы Азимбек Бекназаров “Маралга” берген маегинде көтөрдү. Анда ал 2010-жылы Матраимовду кызматка койгонун сынга алам деп Атамбаевге жаман көрүнгөнүн айтып берди.

-Матраимовду кызматка койгондо “Аны бул жактан эл кууп ийсе, неге кызматка койдуңар?” деп айткан. Аны мен Атамбаевге жеткирип, жаман көрүнгөм. Эми аны Жээнбековго шылтап атат,-деди ал.

Эске салсак, ушул жылдын 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган.

Ал апрель айында «мени негизсиз жумуштан алды» деп өкмөттү сотко берген жана ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM