Биз менен байланышыңыз

Эрдоган: Орусия ишенимдүү досубуз

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Ноя 2018 | 510 | 0

“Түрк агымы” мунай жолунун ачылышына катышкан Орусия президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзштү. Сүйлөшүү бир жарым саатка созулду. Анын артынан журналисттерге маалымат жыйынын берген президенттер алдыдагы эки тараптуу кызматташуу тууралуу ниеттерин билдиришти.

Түрк президенти Эрдоган: “Орусия биздин стратегиялык кызматташтык үчүн ишенимдүү досубуз жана ири мунай жеткирүүчүбүз. Азыр 100 миллиард долларлык соода-сатык көлөмүнө жетүүнү көздөп жатабыз. Түркия 1987-жылдан бери Орусиядан 387 метр куб жаратылыш газын импорттогон. Бул биздин соода-экономикалык мамилебиз бардык сыноолорду башынан өткөргөнүн билдирет. Ошондой эле биз эч качан башкалардын таасири менен мамиле курбайбыз”,-деп билдирди.

Ал эми орус президенти Путин эки тараптуу мамиленин маанисине токтолуу менен буларды айтты: “Биз Кытай менен 100 миллиард долларлык соода-сатык планыбыз бар. Ушундай эле максатты эмнеге Түркия менен коюуга болбосун. Курулуп жаткан “Түрк агымы” мунай жолу Түркияны маанилүү мунай борборуна айлантып, аймактагы ролуна чон салым кошот”.

Кошумчаласак, “Түрк агымы” мунай өтмөгү Орусиядан “Газпромдун” мунайын Түркия аркылуу Түштүк жана Түштүк-чыгыш Европага жеткирет. Долбоор 2019-жылы бүтүрүлүп, ишке киришет.

Copyright © 2017 Maral FM