Биз менен байланышыңыз

«Атамбаев сырткы мамилени бузду» деген пикирге өзү жооп берди

Кыска кабар | 19 Ноя 2018 | 531 | 0

Атамбаев өзүнүн президенттик учурундагы тышкы мамиле боюнча да кеп кылды. Анда ал кызматка келген учурда Орусия менен мамиле солгундап калганын, кийин бир жолго салынганын айтты. Экс-президенттин айтканына таянсак, башында Өзбекстандын ошол кездеги президенти Ислам Каримов менен да мамиле жаман эле. Кийин жаңы президент кызматка киришкенде алака жакшыра баштаган.

-Мирзиёев менен мамилени мен жакшырттым. Ал ортодогу кырдаалды ал өзгөрттү. Мирзиёев 10 жылдын ишин 2 жыл ичинде кылды. Борбордук Азияда бурулуш жасай алды.

Атамбаев Түркия менен болгон алака тууралуу да сөз кылып, президент Режеп Тайип Эрдоганга дайым ыраазы экенин ачыктады. Себеби ал 50 миллион доллар карызды кечип, «Ыйман» фондуна, улуттук музейге гранттык акча которгон. Жада калса, ал Атамбаевдин жеке өзүнө жардамчы болгонун, мыйзамсыз эле тоңдурулган акчаларынын кайтарып бердирткенин айтты.

-Мен Түркиянын тышкы иштер министринин кылганына ачуулангам. Биринчиден, түрк тарап орусиялык учакты атып түшүргөнүн туура эмес деп чыккам. Ошондон кийин бардык гезиттеринде мени жамандап жазышты. Жарым жылдан кийин өздөрү туура эмес кылышканын мойнуна алышты. Анан дагы “Себат” лицейлеринин жабылбашы керектигин айттым. Себеби бул аймактагы мыкты билим берүүчү мекеме. Анын 30 пайызын Билим берүү минитрлигине өткөрүп, директорлор кеңешине кошулуусун мен тапшыргам, Жээнбеков эмес.

Ал эми Казакстан менен болгон мамиленин солгундашын ал өлкөнүн Кыргызстандагы шайлоого кийлигишүүсү менен байланыштырды.

Эгер кошуна өлкө биздин талапкерлердин бирөөсүн тандап, аны ачык колдосо, бул кийлигишүү эмеспи. 2010-жылы парламенттик шайлоодо, 2011-жылы президенттик шайлоодо биздикилер каражат алганын билем. Ооба, кошуна, бай өлкө. А биздин көзкарандысыздыгыбыз кайда? Парламенттик шайлоодо буга чейин кошуналарда акча алганын билебиз. Бул аракеттерге чекит коюшубуз керек. Эмки шайлоодо ачык кийлигишүү болбойт,-деди Атамбаев.

Ал өз сөзүндө президент Нурсултан Назарбаев менен болгон жеке мамилесинин бузулушу өлкөлөрдүн алакасына таасир этпестигин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM