Биз менен байланышыңыз

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Баткенге барды

Кыска кабар | 18 Ноя 2018 | 848 | 0

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Баткенге барды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Аны менен биргеликте Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын жетекчилери, бөлүм башчылары да барышты.

Маалыматта каза болгон прокурордун артында 4 баласы калып, үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлөрү айтылган.

Эскерте кетсек, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп каза болду. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде иш козголду.

Анын өлүмүнө шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси сурак берди. Каза болгон прокурор менен сурак берген жетекчинин 17-ноябрда чогуу жүргөнүн көргөн  күбөлөр бар. Шектүү болгон адам жана Баткендин башка прокурорлору да аңчылыкта жүрүшкөн.

Учурда соттук-медициналык экспертиза, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM