Биз менен байланышыңыз

Баткенде киши колдуу болгон прокурордун жакындары митингге чыгышты

Кыска кабар | 16 Ноя 2021 | 346 | 0

Баткен облусунун мурдагы прокурору маркум Анарбай Мамажакыповдун туугандары Ош облустун сотунун имаратынын алдына митингге чыгышты. Мамажакыповдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаеванын айтышынча, буга соттук процесстин 1 жылдан ашык убакыттан бери созулуп жатканы себеп болгон. Соттук отурумдар ар кандай негизсиз себептер менен жылдырылып, убактысы созулуп келүүдө.

Эске салсак, Анарбай Мамажакыпов 2018-жылы ноябрда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Анын жансыз денеси Баткен районунан табылып, Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш ачылган.

Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков аталган кылмышка шектелип кармалган.

2019-жылы Ош шаардык соту Калыковду күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыруу чечимин кабыл алган. Калыков күнөөнү мойнуна албай, көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Анын жактоочулары облустук сотко даттанган. Пандемиялык шартка байланыштуу соттук отурум онлайн өтмөй болгон. Бирок анын жакындары отурумдун мындай шартта өтүшүнө каршы болуп, соттук процесс белгисиз убакытка жылдырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM