Биз менен байланышыңыз

Баткенде облпрокурордун өлүмүнө шектелген Мелис Калыков ачкачылык жарыялады

Кыска кабар | 6 Авг 2019 | 533 | 0

Баткендин облустук прокурорун өлтүрдү деп шектелген Мелис Калыков ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу анын бир тууган эжеси Дамира Буркан өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

Бүгүн, 6-августта Ош шаардык сотунда Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелген облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мелис Калыковдун кылмыш иши каралмак. Бирок сот отуруму 13-августка жылдырылды. Буга айыпталуучу сот залына келбей койгону себеп болгон.

Менин иним Мелис Калыков мөөнөтсүз ачкачылык жарыялады. Ал адилеттүү сот отурумун талап кылып, убактылуу кармоочу жайдан чыкпай койгон. Кечээки отурумда сот отурумуна төрагалык кылуучу судья Жолборс Кудаяров айыпталуучу Мелис Калыковдун жактоочуларын, тарапташтарын, үй-бүлөсүн сот залынан чыгарып салган. Судьянын мындай аракетине биз тараптан бешинчи жолу көрсөтүлгөн ишенбөөчүлүк себеп болду”, — деп жазат Дамира Буркан.

Ал ошондой эле айыпталуучу бир аз ооруп калганын, буга чейин башына операция жасалары айтылганын кошумчалаган.

Эске сала кетсек, 2018-жылы 18-ноябрда Баткенде 43 жаштагы облус прокурору Анарбай Мамажакыповдун жансыз денеси тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында кармалууда. Калыков өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай келет.

Copyright © 2017 Maral FM