Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Прокурордун өлүмүнө шектүүнүн күнөөсү аныкталды

Кыска кабар | 29 Ноя 2018 | 788 | 0

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча шаар мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков күнөөлүү экени аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Утемисов басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Калыковдун туугандары видео кайрылуу жасашкан. Анда айтылган жагдайлардын баары каралып чыкты. Анда белгиленген Эрнист аттуу жаран да суракка алынды.

Бардык тийиштүү экспертизалар өткөрүлдү. Учурда ар тараптуу иликтөө жүрүүдө. Мелис Калыков бул ишке түздөн-түз тийиштиги бар экени далилденди.

ИИМдин маалыматы боюнча, облустук прокуратура шаардык курулуш департаментине текшерүү жүргүзгөн, ошонун айынан уруш чыгышы мүмкүн экендиги айтылууда.

Эскерте кетсек, Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп каза болду. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде иш козголгон.

Кылмышка шектелип Баткен шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси кармалган. Ал 20-ноябрда эки айга камакка алынган.

Ошондой эле прокурордун 2 орун басары, облустук прокуратуранын 2 бөлүм башчысы, Баткен районунун прокурору убактылуу кызматтан алынды.

Copyright © 2017 Maral FM