Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда 94 гектар жерге көчөт отургузулду

Кыска кабар | 18 Ноя 2018 | 614 | 0

Жалал-Абад облусунда 94 гектар жерге көчөт отургузулду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Токтогул, Аксы жана Каракөл токой чарбаларына грек жаңгагы, мисте жана бадамдын көчөттөрү тигилди.

Бул иш-чара токойлордун жоголушунун алдын алуу максатын көздөйт. Токойлорду калыбына келтирүү климаттын өзгөрүшү менен күрөшүүгө, экономикалык пайда алууга шарт түзөт.

Көчөттөрдү отургуу ишине БУУнун өнүктүрүү программасы колдоо көрсөткөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM