Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунун прокурору киши колдуу болуп каза болду

Кыска кабар | 18 Ноя 2018 | 1437 | 0

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп каза болду. Бул боюнча Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Бакыт Сейитов “Марал” радиосуна тастыктады.

“Облустун прокурору Анарбай Мамажакыповдун денесине зыян келип, киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү аныкталды. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат”, — деп билдирди.

Белгилей кетсек, Мамажакыпов Баткен облусунун прокурору болуп 2018-жылдын май айында  дайындалган. Ага чейин Талас облусунун прокурору кызматын аркалаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM