Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев кыргыз кинематографтарын кесиптин майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 17 Ноя 2018 | 666 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз инематографтарын кесиптик майрамы менен куттуктады. Анда бул тармак адамзат маданиятындагы өзгөчө дүйнө, жашоонун чыныгы чагылуусу, искусствонун жалпы элге кеңири жайылган түрү экендигин айтты.

Өкмөт башчы куттуктоосунда кыргыз киносунун тарыхы 1941-жылдан башталып, өткөн кылымдын 60-70-жылдары коомчулукта “кыргыз кереметинин” мыкты үлгүлөрү жаралганын эске салды.

-Кыргыз режиссёрлору тарткан фильмдер аркылуу ата мекендик кинонун аты алыскы жана жакынкы мейкиндикте жогорку деңгээлге чыгып, ар бир көрүүчүнүн жүрөгүнөн орун таап, күтүп көргөн кинолорго айланган,-деди Абылгазиев.

Учурда өлкөнүн кино индустриясы эл аралык фестивалдарда ишенимдүү ат салышып жатканын да белгилеп өттү.

Кошумчалай кетсек, 17-ноябрь Кыргыз кинематографиясынын күнү катары 1994-жылдан бери белгиленип келет.

 

Copyright © 2017 Maral FM