Биз менен байланышыңыз

Оштун мэри жигердүү жаштарга сыйлык тапшырды

Кыска кабар | 16 Ноя 2018 | 876 | 0

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө жана Эл аралык студенттер күнүнө карата жигердүү жаштарга сыйлык тапшырды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Анда шаар мэри Таалайбек Сарыбашов мамлекеттин өнүгүшүндө жаштардын салымы зор экендигин белгиледи. “Жаштарыбыз  дүйнөлүк спортко, илимий, маданий конкурстарга активдүү катышып, акыл таймаштарда Кыргызстандын желегин желбиретип жаткандыгы бизди кубандырат”,- деди Сарыбашов.

Ошондой эле жаштарды сөз менен эмес, иш жүзүндө колдоого жетекчилик даяр экендигин кошумчалады. Андан соң шаардын коомдук-саясий турмушуна катышкан жигердүү жаштарга, окуу жайлардын студенттерине Ардак грамота, Алкыш баракча, баалуу белектерди ыйгарды.

Андан соң Жаштар парламенти III долбоорунун жаш депутаттарына төш белгилер тапшырылды. Жолугушууда жаштардын сунуш пикирлери жана демилгелери талкууланып, майрамдык кече менен коштолду.

Copyright © 2017 Maral FM