Биз менен байланышыңыз

Келдибеков президенттин коомчулук менен жолугушуулары тууралуу айтты

Пикирлер | 16 Ноя 2018 | 667 | 0

Бүгүнкү бийликтин ишкер, саясатчы, журналист жана башка тармактын өкүлдөрү менен жолугуп жатканы конструктивдүү кадам. Мындай пикирин саясатчы Ахматбек Келдибеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин убагында жолугушуулар тууралуу көп сөз айтылганы менен ал эч кимди тоготкон эмес.

Келдибеков 24-ноябрда өтө турган курултай боюнча дагы оюн билдирди.

«Бул курултайга Жээнбеков менен Атамбаев келсе келсе жакшы болот. Жыйын кандай деңгээлде өтөрүн карап көрүү зарыл. Ал эми президенттин өкмөттүн жана парламенттин мурдагы башчылары менен 20-ноябрга белгиленген жолугушуусунан майнап чыгат. Анткени мурда иштеп кеткен кызматкерлердин ар биринин мамлекеттик түзүлүшкө кошкон салымдары бар», — дейт Келдибеков.

Ал буга кошумча, акыркы 7 жылда мамлекеттик бийликтин аброю түшүп кеткенин айтып, эми аны көтөрүү үчүн тажрыйбалуу адамдар иштеши керектигин белгиледи.

«Мен учурда илимий иштеримди, айыл чарба шитерин бүтүрүп жатам. Эл үчүн кызмат кылууга даярмын», — дейт саясатчы.

Copyright © 2017 Maral FM