Биз менен байланышыңыз

Мексиканын президенти алмашат

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Ноя 2018 | 630 | 0

1-декабрда Мексиканын учурдагы президенти Энрике Пенья Нитье отставкага кетип, ордуна солчул көз караштагы саясатчы Андрес Мануэль Обрадор келет. Ал 2024-жылга чейин өлкөнү башкарат. Мексикада президент бир ирет гана шайланат.

Азыркы президент шайлоо боюнча Гватемаладагы Ибероамерикалык саммитте сөз сүйлөдү.

“1-декабрда президенттикти тапшырып бергенден кийин да жашоо бар. Тагыраагы чыныгы жашоо ошондо башталат. Татыктуу жашоого үмүт кылам”, — деди президент.

Кошумчаласак, Энрике Ньето өзүнүн алты жылдык президенттик мөөнөтүндө 200 миллиард доллардан көп сырттан түз инвестиция тартты. 360 миллиард долларлык ички инвестицияны ишке салып, 4 миллиондон ашуун жаранды жумуш орду менен камсыз кылды.

Copyright © 2017 Maral FM