Биз менен байланышыңыз

Иликтөө: Түркия эң көп жалган маалымат жарыяланган өлкө

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Ноя 2018 | 972 | 0

Reuters  маалымат агенттигинин 2018-жылдагы маалымат таратуу боюнча чыгарган корутундусунда эң көп жалган маалымат жарыяланган өлкө Түркия деп табылды.

Сурамжылоого катышкан жарандардын 49%ы күндө жалган кабарга дуушар болорун билдирген. Бул көрсөткүч Европада, мисалы Германияда 9%. Түркияда күнүнө жок дегенде бир такталбаган, резонанс жаратуучу кабар жарыкка чыгат.

Басылманын белгилешинче, өлкөдөгү ЖМКнын 90% бийликтин сөзүн сүйлөйт. Ар күнү Эрдоган режимине туура келбеген тараптарга жалаа жабуучу, каралоочу материалдар белгисиз  жана ишенимсиз булактарга таянып жазыла берет. Мисалы, акыркы кездеги киши колдуу болгон журналист Жамал Хашокжи окуясында өкмөт ар түрдүү маалыматтарды кыйытып берип турду. Ал эми түрк басылмалары тараткан маалыматтарды дүйнө коомчулугу “оозун ачып” ишенип укту.

Бирок Reutersтин иликтөөсү боюнча өлкөдө басылмалардын кабарларына болгон калктын ишеними 38% менен гана чектелет.

Түркиядагы алгачкы көз карандысыз интернет кабарларды түзөтүү сайты Teyit.org акыркы эки жылда 524 көпчүлүгү саясий маанидеги жалган кабарды тастыктаганын билдирет. Сайттын кызматкери Мехмет Атакан Фоча буларга токтолду:

«Күнүнө 30 чамалуу жалган кабар боюнча арыз түшөт. Такталбаган жалган кабарлар олуттуу натыйжаларды алып келет. Мисалы, 2017-жылдагы 39 кишинин өмүрүн алган түнкү клубдагы кол салууга шектүү деп үч кишинин сүрөтүн жарыялап жиберишкен. Чынында окуяга такыр тиешеси жок болгон «шектүүлөр» алты интернет басылманы сотко берип, алигүнчө сот иши бүтө элек«.

Мындан сырткары кээ бир саясатчылардын да такталбаган сүрөт, видеолорду чындык сыяктуу сунуп, элди дүрбөлөңгө салган учурлары арбын экенин билдирген сайт өлкөдө тирукмуш, сырдуу, адам акылы жетпестей көрүнгөн маалыматтар бат сиңип, элди ишендирерин кошумчалаган.

Мисалы, «Эрдоганды өлтүрүү үчүн Америка бир адам дайындады», «Фетхуллах Гүлен көз-кол ишараттары менен тарапташтарына сырдуу сигналдарды берет», «Түркия душмандарынын билегинде чырым белгиси бар» ж.б. сыяктуу таң калыштуу кабарлар калкка бат сиңет.

Эске салсак, Түркия сөз эркиндиги боюнча 180 өлкөнүн ичинен 157-орунда турат. 2016-жылдагы «аскердик төңкөрүш» чуусунун артынан өзгөчө кырдаал жарыяланып, президенттин жарлыгы менен бийликтин сөзүн сүйлөбөгөн 178 ЖМК жабылып, жетөөсүнө кайра уруксат берилген.

 

Copyright © 2017 Maral FM