Connect with us

Түндүк Корея жогорку технологиядагы куралын сындан өткөрдү

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Ноя 2018 | 658 | 0

Түндүк Корея жогорку технология менен жасалган жаңы согуштук куралын сындан өткөрдү. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик телеканалы билдирди.

Алардын айтымында, аталган курал узак убактан бери жасалып келе жаткан. Ошондой эле бул тактикалык негизде гана жасалган, эч кимге зыяны тийбейт.

Жайында АКШнын президенти Дональд Трамптын Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен өткөргөн саммитинде өзөктүк иш-аракеттерди токтотуу тууралуу макулдашышкан. Бирок бул куралдын чоо жайы Вашингтон эле эмес, дүйнөнү тынчсыздандырып, кызыгуусун арттырып жаткан чагы.

Американын мамлекеттик департаменти Пхеньян буга карабастан берген убадаларын аткарат деген үмүттө экендигин билдирди. Пхеньян болсо аталган макулдашууларды аткаруу боюнча Америка эч кандай кадамга бара электигин айтып, нааразылыгын билдирген.

Ал эми Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешинин аянтчасында эл аралык коомчулукту Түндүк Кореянын мындай кадамдарын токтотууга чакырып, болбосо тиешелүү санкцияларды киргизүү демилгесин көтөргөн.

Copyright © 2017 Maral FM