Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: ИДП көлөмү 2,8% деңгээлде болору болжолдонот

Кыска кабар | 15 Ноя 2018 | 575 | 0

Быйыл, 2018-жылдын соңуна чейин ИДП көлөмү 2,7% деңгээлде болору болжолдонууда. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, экономиканын дээрлик бардык реалдуу секторлорунда өсүш камсыз болуп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын ичинде Кумтөрдү кошпогондо, өлкөнүн ички дүң продукциясы (ИДП) 2% пайызга өскөн.

Ошондой эле республикалык бюджеттин жалпы киреше бөлүгү 142 млрд сомдун тегерегинде болжолдонуп жатат. Бул бекитилген бюджеттен 1,1 млрд сомго көп болуп саналат деп кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM