Биз менен байланышыңыз

Социалдык объектилерди курууга каржы жетишсиз

Күн чабыт | 15 Ноя 2018 | 935 | 0

Кыргызстанда 1600 бала бакча жетишпейт. Бүгүнкү күндө 400 миңдей бала бала бакчага барбайт. Бул маселени өкмөт республикалык бюджеттин эсебинен жана Сауд Арабия фондунан чечүүнү пландаштырып жатат. Ушул теманын алкагында Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин турак-жай-жарандык курулуш департаментинин директору Адилет АбдыкадыровКүн чабыт” программасында маалымат берди.

Марал: Өлкөдө канча мектеп авариялык абалда?

Адилет Абдыкадыров: Бүгүнкү күндө өтө оор абалдагы мектептердин саны 11ди түзөт. Аларды 2019-жылдын бюджетине киргизүүнү сунуштап жатабыз. Жалпы өлкө боюнча 193 авариялык абалдагы мектеп бар экендиги аныкталган. Анын ичинен 174ү курулушу керек, калгандары капиталдык ремонттон өткөрүлүп кайра колдонууга берилиши керек. Эми мамлекеттик бюджеттен канча каржы бөлүнсө ошого жараша иш жасалат.

Марал: Курулушу башталып бүтпөй калган мектептердин саны канча? Алар качан бүткөрүлөт?

Адилет Абдыкадыров: Кыргызстан боюнча мектеп эле эмес биз тараптан курулуп жаткан объектилердин саны 400дөн ашык. Анын баарын бүтүргөнгө 12 млрд сом керек. Быйылкы жылы бюджеттин тартыштыгына байланыштуу 3 млрд сом каралган. Ошол себептен 150 объекти эле бүткөрүлүп жатат.

Марал: Канча бала бакча ишке берилет?

Адилет Абдыкадыров: Быйыл 22 бала бакчанын курулушу жүргүзүлүп жатат. Анын ичинен 5 имарат бүткөрүлдү. Азыркы учурда эң башкы көйгөйүбүз мектептер болууда. Аларды эң биринчи кезекте бүтүрүп авариялык абалдагы мектептерде окуган балдарды көчүрүү керек.

Марал: Мамлекеттик бюджеттен тышкаркы булактардан да мектеп салынабы?

Адилет Абдыкадыров: Сауд Аравиясы Кыргызстанга 27 мектеп курат. Бул үчүн 30 миллион доллар бөлүнгөн. Ал толугу менен насыя болуп эсептелет. Эки тараптуу келишимге 13-сентябрда кол коюлган. Өкмөттөр аралык түзүлгөн келишимдин негизинде 15 жылда кайра төлөп бүтүү боюнча макулдашылган.

Copyright © 2017 Maral FM