Биз менен байланышыңыз

Айнек менен тосулган аялдамаларды куруу сунушталды

Кыска кабар | 15 Ноя 2018 | 604 | 0

Бишкек шаарында айнек менен тосулган аялдамаларды куруу сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда депутат Марлен Маматалиев парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, борбор шаарга пилоттук долбоордун негизинде айнек менен тосулган аялдамаларды куруу керек.

Ошондой эле аялдамаларда каттамдардын жүрүү тартиби боюнча маалыматты орнотуу керектигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM