Биз менен байланышыңыз

Мас айдоочуларга 17 миң сом айып пул салынат

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Ноя 2018 | 1120 | 0

Жаңы жылдан тарта мас абалында унаа башкарган айдоочуларга 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылдан тарта жол эрежесин бузган же мас абалында унаа башкарган жарандардын айдоочулук күбөлүгү тартып алынбайт. Кызматкерлер протокол түзүү менен гана чектелет. Бир да материал сот органына жиберилбейт.

«Айыпты Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери салат. Айып пулдар 1 миң сомдон 17 миң сомго чейин каралган. Айып 30 күн ичинде төлөнбөсө туум кошулат, анда да төлөшпөсө сот аткаруучуларына жиберебиз. Маалымат катары Финполго да жөнөтөбүз», — дейт Сатыбалдиев.

Copyright © 2017 Maral FM