Биз менен байланышыңыз

АКШ армиясы орус армиясынан начарлап баратат

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Ноя 2018 | 790 | 0

АКШ менен Орусиянын ортосундагы аскердик курал-жарак жарышы кансыз согушка чейин жетти. Американын армиясына каршысындагы олуттуу атаандашын басып өтүү үчүн каржы жетишпей жатат.  Орусиянын армиясына таыктуу түрдө тең келүү үчүн Пентагон финансылык колдоону күчөтүүсү зарыл”.

Мындай корутунду АКШ парламентинин буйуртмасы менен Республика жана Демократиялык партияларынын мүчөлөрү, аскердик эксперттер кирген атайын комиссиянын докладында айтылды.

Анда АКШ куралдуу күчтөрү Кытай жана Орусия менен жарышта жеңилери кошумчаланат. Комиссия мындай тыянакка 2018-жылдын январь айында Коргоо министрлигинин отчетун иликтеген соң келген.

Американын армиясына инновация жана жигердүүлүк жетишпейт. Аталган эки өлкө биздин мурдагы ийгилигибизден үйрөнүп, жогорку деңгээлге жетишти. Алардын өкмөтү маани бергенчелик биздин бийлик куралдуу күчтөрдү өнүктүрүүгө көңүл бурбай жатат”,-деп айтылат докладда.

Комиссия Пентагонго жаңы куралдарды өндүрүү, аскерлердин ар тараптуу даярдыгын арттыруу сыяктуу сунуштарын берди. Министрлик болсо азырынча бул кеңештерди карап чыгарын гана билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM