Биз менен байланышыңыз

Светтик мамлекеттеги Исламдын орду талкууланууда

Кыска кабар | 15 Ноя 2018 | 624 | 0

Бишкекте “Ислам азыркы светтик мамлекетте” аталышында эл аралык конференция өтүп жатат. Ага 20дан ашык өлкөдөн 50дөй өкүл келди. Ага өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков да катышууда.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешовдун айтымында, бул жолку конференцияда тематикалык багыттарга жараша секциялар өтөт.

Катышуучулар пленардык жана секциялык отурумдардын жүрүшүндө төмөнкү темаларды талкуулашат:

— Диний жана дин таануу билиминин үлгүлөрү жана практикасы;

— Дин маселелеринин ЖМКларда жана интернетте чагылдырылышы;

— Диндар аялдардын заманбап коомдогу орду жана ролу;

— Жаштардын заманбап мультимаданий коомдогу ролу жана орду;

Андан сырткары диний маселелер боюнча актуалдуу темаларга докладдар окулат.

Конференцияны КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы уюштурган. Иш-чара эки күнгө созулат.

Социалдык изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстанда калктын 90 пайызы ислам динин карманат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM