Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаарында жарга чыгуу боюнча чемпиондук өтөт

Кыска кабар | 14 Ноя 2018 | 815 | 0

15-18-ноябрь күндөрү Бишкекте “ОntheWake” борборунда  жарга чыгуу боюнча чемпиондук өтөт. Бул боюнча мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага жаш курагы боюнча 4 категорияда катыша алышат.

  • 2002-ж – андан мурдагы жылдарда төрөлгөндөр
  • 20003-2004-жылдары төрөлгөндөр
  • 2005-2006-жылдары төрөлгөндөр
  • 2007-ж – андан кийинки жылдары төрөлгөндөр

Иш-чара жаштар арасында спорттун жарга чыгуу түрүн жайылтуу, алардын спорттук чеберчилигин жогорулатууну көздөйт. Негизгиси Бишкек шаарындагы жарга чыгуу боюнча мыктылардын аныктоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, иш-чара Александр Аксеновдун элесине арналып өткөрүлөт. Жеңүүчүлөргө диплом, медаль жана баалуу белектер тапшырылат.

Copyright © 2017 Maral FM