Бүгүн, 14-ноябрда Токмок шаарында КМШ өлкөлөрүнүн чек ара кызматынын башчыларынын жыйыны өтөт. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Ага Азербайжан, Армения, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген делегациялар катышат.
Иш-чаранын алкагында КМШ өлкөлөрүндөгү чек ара маселелери талкууланып, 2018-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы чыгарылат. Ошондой эле 2019-жылга карата приоритеттүү тапшырмалар коюлат.