Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөлүк кылмышкерлерди өлкөдөн чыгаруу сунушталды

Кыска кабар | 13 Ноя 2018 | 578 | 0

Өкмөт түзөтүүлөрдү киргизүүсү үчүн “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамды депутаттардын кароосуна сунду. Андагы түзөтүүлөрдө Кыргызстандын аймагында кылмыш кылып, жаза тартып жаткан чет өлкөлүк жарандарды өлкөдөн чыгаруу айтылган.

Ошондой эле Чек ара кызматын кабардар кылуу менен, өлкөгө кирүүгө убактынча же бүтүндөй тыюу салуу да айтылган. Анын мөөнөтү жасаган кылмышына жараша 10 жылдан көп убакытты түзөт.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, чет өлкөлүк кылмышкерлер  2019-жылдан тарта өлкөдөн чыгарыла баштайт. Анда 360 чет өлкөлүк кылмышкер өлкөдөн чыгарылганы турат. Бюджеттен бул үчүн 2 млн 467 миң сом бөлүү каралып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM