Биз менен байланышыңыз

КМШ өлкөлөрүнүн чек арачылары Токмокто чогулушат

Кыска кабар | 13 Ноя 2018 | 1062 | 0

14-ноябрда Токмок шаарында КМШ өлкөлөрүнүн чек ара кызматынын башчыларынын жыйыны өтөт. Бул тууралуу Чек ара кызматыныны маалымат кызматы билдирди.

Ага Азербайжан, Армения, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген делегациялар катышат. Жыйын Орусиянын чек ара кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Владимир Кулишовдун төрагалыгында өтөт.

Иш-чаранын алкагында КМШ өлкөлөрүндөгү чек ара маселелери талкууланып, 2018-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы чыгарылат. Ошондой эле 2019-жылга карата приоритеттүү тапшырмалар коюлат.

Copyright © 2017 Maral FM