Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда 2019-жыл медицинаны өнүктүрүүгө багытталат

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Ноя 2018 | 895 | 0

2019-жыл Өзбекстанда медицинаны өнүктүрүү жылы болуп жарыяланат. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев ушул жылдагы саламаттыкты сактоо жаатында жасалган реформалардын натыйжасын караган жыйында билдирди.

Президенттин айтымында ушул жылы анын дарегине келген каттардын 45 миңге жакыны дал ушул тармакка байланыштуу болгон.

“Бул медицина жаатында жасалчу иштер, чечилүүсү керек болгон маселелер көп экенин билдирет. Келерки жылы саламаттыкты сактоого быйылкы жылга салыштырмалуу 30%га көп каражат жумшайбыз”,-деди Мирзиёев.

Техникалык жана кадрдык базанын жетишсиздиги, аймактарда кызмат көрсөткөн медициналык мекемелердин аздыгы жарандарга ар түрдүү кыйынчылыктарды жаратууда. Бул маселени чечүү үчүн Самарканд, Андижан сыяктуу чоң шаарларга хабдарды курууну тапшырарын айтты.  Ошондой эле жеке медициналык клиникаларды ачууга шарттарды түзүү да приоритеттүү маселе экенин ачыктады.

Copyright © 2017 Maral FM