Биз менен байланышыңыз

Жетекчиден лидерге айлануунун 7 ыкмасы

Кыска кабар | 13 Ноя 2018 | 1236 | 0

   Көпчүлүк адамдар “жетекчи” жана “лидер” деген түшүнүктөр бирдей мааниге ээ деп ойлошу ыктымал. Чындыгында, андай эмес. Анын кайсы бири сизге тиешелүү экендигин билгиңиз келеби? Анда төмөндөгү суроолорго чындыгын гана айтып жооп бериңиз. Сиз кол алдыңыздагыларга кандай карайсыз? Жумушту бүтүрүү үчүн гана аргасыздан чыдап мамиле кылган адам катарыбы? Чоң максаттарга жетүүдөгү өнөктөштөр катарыбы?

Эгерде сиз биринчи вариантты тандаган болсоңуз, анда жетекчисиз. Ал эми экинчи вариант сыяктуу пикирде болсоңуз, анда лидерсиз.

Анда кантип жетекчиден лидерге айланууга болот? Бул үчүн сунушталган 7 ыкманы сиз менен бөлүшөбүз, окурман.

  1. Адамдарды сүйүңүз.

Эгерде адамдарды сүйө албасаңыз, сиз тайпаны башкармак тургай, ал тайпа менен чогуу иштеше да албайсыз. Жумушчуларыңыз робот эмес, индивид, анткени ар биринин өзүнө тиешелүү приоритеттери, шык-жөндөмдөрү бар. Лидер болууну кааласаңыз, анда адамдардын ийгиликке жетүүсүнө жардам берүүдөн ырахат алууга үйрөнүңүз.

  1. Тайпаңызды багыттаңыз, бирок башкарбаңыз

Жетекчилер тайпасын майда-чүйдөсүнө чейин толук көзөмөлгө алуу керек деп ойлойт. Ал эми лидерлер тайпасын көзөмөлдөгөндөн караганда, багыттап койсо көбүрөөк ийгиликтерге жетерин билишет. Мындан улам алгач жумуштун негизин түшүндүрүп, андан соң кызматкерлерине колдоо көрсөтүп, эркиндик беришет.

  1. Өзгөрүштөргө ачык болуңуз

Жетекчилер догматизм жана консерватизмге ыктуу болушат. Алар дайыма бир калыпта кылып көнүп алгандыгы үчүн гана көп жылдар бою дал ошондой жасап жүрө берет. Лидерлер таптакыр андай эмес. Өзүн тайпасындагылардын муктаждыгына жараша ыңгайланыштырууну билишет. Алар бирге иштешкен ар бир адамдын өзгөчөлүгүн баалашат. Эгер зарылчылык болсо, иштөө нугун өзгөртүүгө да даяр турушат.

  1. Милдеттенмелерди бөлүшүңүз

Жетекчилер өздөрүн милдеттенмелерди, жумуштарды бөлүштүрө ала тургандай сезиши мүмкүн. Бирок чындыгында андай эмес. Алар өздөрүнөн башкаларга азыраак ишеним көрсөтүшөт. Мындан улам кол алдындагыларга көп жумушту тапшыра беришпейт. Ал эми лидерлер алардан айырмаланып жумушту бөлүшүүнү билишет. Аларга тапшырмаларды берип, аткарууда эркин коюшат. Ошол эле учурда маал-маалы менен кызматкерлеринен жумуштун кандай кетип жаткандыгы тууралуу сурап, жакшы жыйынтыкка жете алышат.

  1. Ийгилик менен бөлүшүп, айыптоодон алыс болуңуз

Жетекчилер бардык ийгиликтерди, жетишкендиктерди өзүнө гана таандык деп билишет. Ал эми жаман натыйжа көрсөтүлгөн учурда айыпты башка бирөөдөн издей баштайт. Лидерлер болсо ийгиликке тайпасынын көмөгү менен гана жеткендиктерин эсинен чыгарышпайт. Ийгиликти бөлүшүп, жеңилүүлөрдө болсо кимдир бирөөнү күнөөлөп койбостон, өзүнүн да айыбы бар деп билет.

  1. Тобокелчилик кылууга үйрөнүңүз

Жетекчилер бардык амал менен тобокелчилик кылуудан качышат. Анткени ийгиликсиз болуп калуудан коркушат. Жакшы жыйынтыкты көрсөтө турган болгон чакта да, тобокелчилик кылуудан алыс болушат. Лидерлер жумушчуларын жаңы нерселерге умтултуп, шыктандырып колдоо көрсөтүшөт. Андан сырткары ар бир жеңилүү ийгиликке жетүүгө ташталган кадам деп билишет.

  1. Шыктандырыңыз

Жетекчилер коркутуу менен шыктандырышат. Мисалы, «бул ишти бутүрбөсөң, кызматтан кетесиң, маянаң азаят» деген сыяктуу. Ал эми лидерлер болсо ар бир жумушчусунун өзүнө жараша мамиле кылып, шыктандырышат. Жада калса, жумушчулары өздөрүнө ишенбей жаткан нерсени да жасоого шык берип коюшат. Алардын майда да, чоң да ийгиликтерин чын дилден куттуктап, ыраазычылыгын билдиришет.

Жетекчиден лидерге айлануу жеңилге турбайт. Бирок жыйынтыгы сизди кайдыгер калтырбайт. Эгерде сиз лидер катары калыптансаңыз, анда жумушчуларыңызга дем-күч берип шыктандырып, узак мөөнөттүү ийгиликтерге жетип, жакшы жыйынтыктарды көрсөтөсүз. Алар сиз менен чогуу иштөөдөн ырахат ала башташат. Мында сиз жетекчиден лидерге айлануу менен бир гана өзүңүзгө эмес айланаңыздагыларга да пайда алып келесиз. Лидер болуу менен жашооңуздагы стресстен арылып, жашоодон ырахат алып жашай баштайсыз. Анда сизге ийгилик!

Copyright © 2017 Maral FM