Connect with us

11 кеңеш: Унаада баратам дебей, убакытты үнөмдөңүз

Блог | 11 Май 2019 | 1161 | 0

Такси жана коомдук унаа кызматын колдонгондор үчүн жолдо баратып да жасап койсо боло турган айрым иштерди сунуштайбыз:

1. Көзгө көнүгүү жасаңыз

Көз күн бою эң көп иш кылган органдардын бири. Тагыраагы, компьютерде отурганда кадимки убакытка салыштырмалуу көзүбүздү азыраак ирмейбиз. Башкача айтканда, узак убакыт бою бир жерди карап отурабыз. Мындан улам, көздү эс алдыруу үчүн тийиштүү көнүгүүлөрдү жасоо талап кылынат. Бирок көпчүлүк учурда ага убакыт табылбайт. Таксиде баратып көзгө көнүгүү жасасаңыз, убакыт текке кетпейт.

2. Афишалар менен таанышып, билет алып коюуңуз  

Эгерде сиз байма-бай киного же театрга барып турсаңыз, анда таксиде бара жатып ыңгайлуу орунду ээлеп, акция менен билет ала аласыз.

3. Меню түзүңүз  

Күн сайын «Кечинде эмне жасайм?» деп баш катыруунун ордуна алдын ала жасай турган бир нече тамактын тизмесин түзүп коюңуз. Мындан сырткары, муздаткычты ачып, мезгил-мезгили менен сүрөткө тартып туруңуз. Бул базардан кайсы азыктарды сатып алуу зарыл экенин аныктоого ыңгайлуу болот.

4. Жаңы сөз үйрөнүңүз

Чет тилдерди үйрөтүүчү түрдүү тиркемелер бар. Алардын жардамы менен сөз жаттап, жаттаган сөздөр менен сүйлөм түзүүгө аракет кылыңыз. Муну менен сиз сөз байлыгыңызды жакшыртып аласыз.

5. Электрондук почтаны текшериңиз

Каттарды иргеп, маанилүүлөрүнө жооп жазыңыз. Билдирүүлөргө бир сыйра көз жүгүртүп коюңуз. Балким арасында кызыктуу маалыматтар болуп калат. Ошентип, эч нерсени көңүлдөн сырт калтырбайсыз.

6. Мээге көнүгүү жасаңыз  

Телефонуңузга мээге пайдалуу көнүгүүлөрдүн топтомун камтыган  тиркеме көчүрүп алыңыз. Программада көрсөтүлгөн көнүгүүлөрдү бир нече жолу кайталаңыз. Айрым окумуштуулар үзгүлтүксүз көнүгүү кем акылдыктын коркунучун азайтарын белгилешет.

7. Окуңуз

Күн сайын 6 эле мүнөт китеп, гезит-журнал окуу стрессти 68 %га азайтат. Телефонуңузга электрондук китеп жүктөп, же жаныңызга бир китеп алып жүрүңүз. Китеп окуп бара жатканда саякатыңыз кызыктуу болоору анык.

8. Аудиокитеп угуңуз

Эгерде транспорт чайкалып, китеп окууга ыңгайсыздык жаратса, анда аудиокитеп угуу сунушталат. Профессорлор окуган чыгармаларды угуңуз. Мындайда чыгарма аудиоспектаклге айланат.

9. Билдирүү жазыңыз

Сиз жазган нерселер сөзсүз коомчулуктун назарында болушу шарт эмес. Жок дегенде смартфондун картасында сактоо үчүн билдирүү жазыңыз. Бул креативдүүлүгүңүздү арттырып, чыгармачылыкка байланыштуу тапшырмаларды дароо аткарууга көмөкчү болот.

10. Күндүк план-тизме түзүңүз

Эгерде кечке жуук таксиде баратсаңыз, эртеңки күнү жасала турган иштер тууралуу кеңири ойлонууга мүмкүн. Кандай болсо да, жумушка жана  жеке жашоого байланыштуу аткарылчу иштерди тизмелеп коюу артыкбаш болбойт.

11. Телефондогу маалыматтарды иретке келтириңиз

Смартфондун эс тутумун тазалап, керексиз сүрөт, документтерди өчүрүп коюуга болот.

Copyright © 2017 Maral FM