Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Жаш кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу улантылат

Кыска кабар | 12 Ноя 2018 | 682 | 0

Бүгүн, 12-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков республика жаштарынын  конгрессинде жаштар менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Анда Элзар Тилебалды уулу тартуулаган «Башкаруучулардын улуттук корпусу» долбоору менен таанышып чыгып, мамлекет да жетекчилердин улуттук мектебин калыптандыруу максатын коюп жаткандыгын белгиледи. Бул долбоор менен Мамлекеттик кадр кызматы кызматташуусу керектигин кошумчалады.

Ошондой эле Тилек Токтогазиев, Назгүл Акылбек кызы, Эрмек Адылбеков жана Наргиза Эркебекова айыл чарбада жаңы инновацияларды ишке киргизүү, онлайн карталарды түзүү, экологияны сактоо, социалдык ишкердикти өнүктүрүү боюнча «Ачык асман» демилгесиндеги долбоорлору менен тааныштырышты.

«Биздин милдет — жаштарды өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган реалдуу инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга тартуу. Сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө аларга ишеним артып, таяна билүү, муундар ортосундагы биримдикти жана байланышты бекемдөө», — деди президент.

Аны менен катар беш долбоорду тең колдоп, мамлекет аларды алдыга жылдырууга ар тараптуу көмөктөшүүгө даяр экендигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM