Биз менен байланышыңыз

Башка бирөөнүн паспортун колдонгон жаран кармалды

Кыска кабар | 12 Ноя 2018 | 619 | 0

“Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү пунктунда бирөөнүн паспорту менен Казакстанга өтүп жаткан кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Ал чек арадан өтүүдө С.К. аттуу 26-жаштагы жарандын паспортун колдонгон. Текшерүү учурунда документ ага таандык эместиги аныкталган.

Бул боюнча ал айыбын мойнуна алып, алиментти төлөбөгөндүгүнөн улам өлкөдөн сыртка чыга албай турганын билдирген. Мындан улам башка бирөөнүн паспортун колдонгон.

Copyright © 2017 Maral FM