Биз менен байланышыңыз

Дарыларды түз өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу сунушталды

Кыска кабар | 12 Ноя 2018 | 609 | 0

Социалдык маанилүү оорулардын дарыларын түз түрдө өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу  керек. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда маалымат жыйынында депутат Дастан Бекешов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан дарылардын 99 пайызын башка өлкөлөрдөн алат. Бул болсо 14 миллиард сомду түзөт. Анын арасында ВИЧ, кургак учук, онкологиялык оорулар, гемофилия жана башка ооруларга каршы дарылар кирет.

«Дарынын баасына фармацефтикалык компаниялардын пайдасы, салык кошулуп олтуруп, кымбат болуп жатат. Бул маселени чечүү үчүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек”, — деди Бекешов.

Ошондой эле социалдык маанилүү оорулардын дарыларын эл аралык уюмдар аркылуу сатып алууну сунуштады. Алар кызматы үчүн акы алышат, бирок ал минималдуу гана болуп эсептелет. Мындай жол менен Казакстан жана Украина дарыларды сатып аларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, мындай жол менен дарыларды сатып алууну 3 жыл аралыгында байкап көрүп, натыйжа жакшы болсо улантылары айтылып жатат.

Copyright © 2017 Maral FM