Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк банк жол курулушуна 55 млн доллар берет

Кыска кабар | 11 Ноя 2018 | 718 | 0

Дүйнөлүк банк Ысык-Көл көлүнүн айланасындагы жолдун курулушуна 55 млн доллар бөлүп берет. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ал Борбордук Азия аймагындагы жолдорду оңдоо долбоорунун негизинде 2019-2024-жылдар аралыгында ишке ашат. Каражаттын 50 пайызы гранттык, ал эми 50 пайызы болсо кредиттик негизде берилет.

Аны менен катар Түп-Кеген унаа жолунун 39-76 чакырымдары, “Каркыра” капчыгайында 15 чакырымга жакын жол курулат. Ошондой эле 5 туристтик маалыматттык кызмат борбору ачылат.

Copyright © 2017 Maral FM