Биз менен байланышыңыз

Төрага Франциянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Кыска кабар | 9 Ноя 2018 | 718 | 0

Бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэль Руну кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Анда төрага Кыргызстан менен Франциянын достук мамилесин баалап, мындан ары да кызматташууга кызыкдар экендигин белгиледи. Ошондой эле парламенттер аралык кызматташуу зарылдыгын кошумчалады.

Элчи Микаэль Ру ыраазычылыгын билдирип, элчиликтин эки тараптуу кызматташуу боюнча экономика, саясат багытындагы пландары менен тааныштырды.

Биринчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына 100 жыл болгонуна карата Парижде өткөрүлүп жаткан иш-чаранын маанисине токтолду. Ага кыргыз делегациясынын, төрага Дастанбек Жумабековдун катышуусу маанилүү экендигин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM