Биз менен байланышыңыз

Украина оппозициясы шайлоодо биригет

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Ноя 2018 | 671 | 0

Украинанын оппозициялык маанайдагы «Жашоо үчүн» партиясы жана оппозициялык блоктогу бир катар партиялар бирдиктүү платформа түзүп, 2019-жылы өтө турган президенттик жана парламенттик шайлоого барышат. Алар президенттик шайлоого бирдиктүү талапкерин жылдырышат.

«112 Украина» телеканалына берген маегинде «Жашоо үчүн» партиясынын башчысы Вадим Рабинович: «Биз парламенттеги «Оппозициялык блоктун» жетекчиси Юрий Бойко менен макулдашууга кол койдук.  Бүгүнтөн тарта бардык оппозициялык күчтөрдү бизге кошулуп, өлкөдө тынчтык жана мыйзамдуулуктун орношу үчүн шайлоого бирге барууга чакырабыз«,-деп жарыялады.

Эске салсак, буга чейин өлкөдөгү беделдүү коомдук кыймыл «Украинский выбор-право народа» оппозициялык «За жизнь» партиясына кирүүнү чечкенин билдиришкен.

Copyright © 2017 Maral FM