Биз менен байланышыңыз

Аймактардагы диний окуу жайлардын жетекчилери окуудан өтүшөт

Кыска кабар | 9 Ноя 2018 | 633 | 0

10-11-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында аймактардагы диний окуу жайлардын жетекчилерине семинар өтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

«Диний билим берүүнүн коомдогу орду» аталыштагы семинар «Биринчи кадам» медресесинде болот. Семинарга муфтий Максат Токтомушев, “Дүйнөлүк Куран жана сүннөт” уюмунун өкүлү Ахмад Сайфуддин Туркестаний катышат.

Анда билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окутууда жаңы усулдарды жана технологияларды колдонуу, студенттердин кызыгуусун арттыруу маселелери талкууланат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM