Биз менен байланышыңыз

Ошто Рамазан айына даярдык көрүү боюнча семинар өтөт

Кыска кабар | 4 мая 2019 | 565 | 0

Бүгүн Ош шаарында «Орозого даярдык» аталышындагы аялдарга арналган семинар өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.

Аялдарга арналган семинарда ыйык Рамазан айын кандай өткөрүү керек, кандай амалдарды жасаган пайдалуу, кандай даярдыктарды көрүү зарыл деген маселелер боюнча кеңештер айтылат.

Окутуу-семинарды белгилүү тележурналист, өнүгүү тренери Мыктыбек Арстанбек алып барат.

Уюштуруучулар мындай семинар Ош шаарында алгачкы ирет өтүп жатканын белгилешет.

Copyright © 2017 Maral FM