Биз менен байланышыңыз

Добуш сатуу жана сатып алуунун жазасы

Саясат | 8 Сен 2020 | 1847 | 1

Кыргызстанда шайлоолордогу эң чоң көйгөйлөрдүн бири – добуш сатуу. Бул жылкы парламенттик шайлоодо да добуш сатуу жана сатып алуулар боюнча социалдык тармактарда видеолор, билдирүүлөр тарап жатат. Мындан улам биз добуш сатуу жана сатып алуунун мыйзамдагы жазасы, ошондой эле шарыяттагы өкүмү тууралуу угармандарга маалымат берүүнү чечтик.


Өлкө мыйзамдарына ылайык, добушун саткан жөнөкөй жарандарга 1000 сом өлчөмүндө айыппул салынат. Ал эми добуштарды сатып алуу фактысы боюнча кармалган жарандар 180-200 миң сомго чейин айыпка жыгылат. Ушундай эле добуш сатып алуу фактысы боюнча мыйзам бузуу аракетине талапкер же партиянын өкүлү барса, анда 220 миң сомдон 260 миң сомго чейин айыппул салуу же 2,5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев «Маралга» берген маегинде билдирген.

Сариев: Добуш сатып алган талапкерди 2,5 жылга эркинен ажыратуу каралган

— Добушун саткан шайлоочу укук коргоо органдарына мыйзам бузганын расмий түрдө билдирсе, ал жоопко тартылуудан бошотулат, бул боюнча ченем киргизилген. Бирок учурда ченемдердин иштеши кечеңдеп жатат. Себеби мыйзамга өзгөртүүлөр кеч кабыл алынды. Эртерээк кабыл алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө эл билип калмак. Менимче, азыр көпчүлүк билбейт. Мындан сырткары мүмкүнчүлүгү бар талапкерлер шайлоочуларды округдарга бөлүп алып, жарандардын шайлоо дарегин өзгөртүп, каттап жатышат. Муну да добуш сатуунун бир ыкмасы деп айтам. Анткени бул жарандардын өз ыктыяры менен болбойт. Шайлоо дареги боюнча ченемди алып салганга чейин бул көрүнүш кайталана берет. 

Ал эми шарыяттын өкүмүнө таянсак, добуш сатуу арам экенин дин аалымы, маркум Чубак ажы Жалилов бир нече баяндарында эскертет.

— Кылган кызмат үчүн акча алууга болот. Бирок берген добушуң үчүн каражат алуу арам. Сойкулук кылып, чочконун этин жеп же арак ичкендей эле арам нерсени оозуңа алган болосуң. Ал (талапкер) 5 жылдык депутаттык ырахаттын баарын сенден 1 миң сомго сатып алды. Эртең «эй, бир тууганым, сен эмнеге иштебей жатасың» деп айтпагын, ага укугуң жок. Мамлекеттин 5 жылдык тагдыры, адамдардын өмүрүн 1 миң сомго сатып алдың. Кыяматта ошонун кылган уурулугуна, жамандыктарына жооп бересиң.

Чубак ажы Жалиловдун айтымында, добуш сатуу менен адам 5 жылдык өмүрүн, мамлекеттин тагдырын кошо сатат. Добуш берүү — аманат. Акырет сурагы болот. Андыктан ар бир шайлоочу шайлоого катышышы керек. Эгерде кайдыгер карап, шайлоого барбай койсо, анда татыксыз адамдардын бийликке келишине шарт түзүүгө тете.

— Жаман болсо «баарына каршымын» деп добуш бер, кайра шайлоо болсун. Бирок шайлоого барбай койбо, бар. Эки рекет Истихара намазын окуп, керек болсо гусул алып, кимге добуш берериңди аныктап анан баргын. Добушуң  аманат. Кыяматта жооп бересиң. Добушуңду сатып, мамлекетке зыян келтирип жатасың. Кудайдын астында аманатка кыянаттык кылып жатасың. Дагы бактысыз бойдон кала бересиң.

Добушун, элин, жерин саткандар урпактарына эмне дейт болду экен? Бул — абдан чоң жоопкерчилик, андыктан добуштарды сатпоо керек. Ал эми партиялардын элдин мүдөөсүн көтөрбөй жатканы — башка маселе. Мындай пикирин журналист, коомдук ишмер Мыктыбек Арстанбек билдирди.

— Булардын акчасын алып алалы дегенибиз биз буларга мамлекетибизди башкарууга берип жатабыз. Эгерде булар биздин ишенимибизге татыксыз болсо, анда мамлекетибизди бербей эле коёлу. Аллах башкаруу күчүн элге берген. Бийликти эл тандайт. Бербей эле коёлу мамлекетибизди. Келгиле, мамлекетибизден куру калбайлы. Шайлоодо добушуңуздарды сатпаңыздар. Менин аманатым, өтүнүчүм — ушул.  

Эске салсак, өлкөдө жетинчи чакырылыштагы парламентке депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. Шайлоо алдындагы өнөктүк 4-сентябрда старт алды.

1 пикир

1 пикир

  1. Нооуз

    08.09.2020 19:26

    Менин оюмча, добуш сатып алган партия шайлоодон четтетилиши керек. Эгер сатып алса, айып пул салынса алар төлөп коюп кайра сатып ала беришет. Анан өтүп калса 200 000сомду ойноп отуруп эле чыгарып алат.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM